Караколдо 9-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Себеби айтылды

Караколдо 9-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Себеби айтылды

30-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Каракол шаарында өз өмүрүн кыйган 9-класстын окуучусу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты. Анда Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу 27-октябрда кечки саат 21:00-21:30 чамасында суицид жасаган.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, М.Ж. аттуу окуучу электрондук тамеки тартып жатканда апасы көрүп калып, бул тууралуу атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, урушуп койгон. Окуучу ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алып, өз өмүрүнө кол салган.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 28-октябрда каза болгон баланын үйүнө батага барып, жакындарына көңүл айткан.

Каза болгон окуучунун апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Булак: Аргумент кж