Турмушка чыгарда дагы күйөөнүн үй-бүлөсүнүн кандай экенин билип анан кадам таштоо керек экен. Эки жыл бою сүйлөшүп ждүруп мүнөзу жумшак жигитке турмушка чыккам. Азыр жумшак мүнөздүн айынан уулумду жетим кылып отурам.

Сөз башынан болсун. Жолдошум кичүү бала болгондуктан кайнене менен чогуу жашачубуз. Кайненемдин колунан телефон түшпөйт. Жолдошумдан башка төрт кызы бар болучу. Алар менен кечке сүйлөшчү. Эмнени сүйлөшөт күндө эки маал деп тангалып койчумун. Көрсө мени талкуулап отурушчу экен. Улуу кайнежем беймаал аял. Үйгө келген сайын чыр салып кетчү. Акыркы жолу кайнежем келип беш күн жатып калды. Ар бир жасаган оокатыма кийлигише берди. Акыры чыдабай кетип, “эже апам айткандай эле жасап жаткам”-десем булкунуп силкинип кирип кеткен. Кечинде тамак ичип жатканда чайын муздак экен деп асылып баштады. Күйөөм бизди карап турду. Ичип жаткан чайын менен чыныны мага ыргытып, кет эле кет деп кыйкырынды. Кайненем кой дегендин ордуна сен келгени үйдөн кут кетти, кара жолтойсун деп чыкты. Бала менен түндө кайда барам эртен кетейин десем да болбой койду. Ошентип баламды көтөрүп кошунаныкына жаттым. Эртеси алар мени таксиге салып ийишти. Ошол бойдон күйөөм келген жок, чалган да жок. Кошуна эже чалып турат. Ал айтат кайненең сен кетер менен баласына аял издеп эки балалуу келинди алып берди деп. Мени болсо ошол эженин жолдошу менен жакын деп чыгыптыр. Жети түндө бир жашар бала менен кайда бармак элем. Айласыздан ошол эженин үйүнө конгом. Үйүндө эже балдары да бар болучу. Жөн жерден кара жолтой жаманатты болуп ажыраштым.