
Кара-Суудагы талаада жаш жигит тонолгон. Шектүүлөр кармалды
04-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОштун Кара-Суу районунда тоноого шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 23-июль күнү райондук милицияга Ош шаарынын 19 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 22-июлга караган түнү Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп, уруп, iPhone 12 Pro телефонун, паспортун, 2 миң сом акчасын жана башка документтерин тартып алышкан. Ага 80 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы Б.Т. жана 20 жаштагы М.Д. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Булак: Аргумент кж