
Кара-Сууда 2 жашар кыз КамАЗдын алдында калып каза болду
13-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш облусунун Кара-Суу районунда 2 жашар кыз КамАЗдын алдында калып каза тапты. Маалыматты Ош олустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 7-сентябрда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында айдоочу КамАЗды токтотуп, дүкөнгө кирген. Ошол маалда жүк ташуучу унаа алдыга жылып, 2021-жылы туулган кызды сүзүп кеткен.
Кыз ошол жерден жан берген. Ата-энеси экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, иликтөө иштери башталган.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык
Булак: Аргумент кж
.