
Кара — Көлдө 20 жаштагы жоокерди атып кетишти
20-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОкуя бүгүн, 20- ноябрь күнү саат 06:00 чамасында болгон. Аскер бөлүктөгү жоокер — 2002 жылы туулган Б.У өзү менен чогуу турган кенже сержант- 2003 -жылы туулган Т.Сны автомат менен аткан. Ал автоматты алып, качып кеткен. Анын кесепетинен жаш жоокер окуя болгон жерде каза болгон.
Алар Токтогул ГЭСтин кайтаруу караулунда турган. Учурда шектүү жоокерге издөө жарыяланды. Ал Бишкек шаарынын тургуну экени маалым болду.
Булак: Аргумент кж