
Кара-Көл-Таш-Көмүр жолундагы кырсык. Бир аял менен 5 жашар кыз каза болду
27-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТаш-Көмүр — Кара-Көл жолунда катталган кырсык боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат берди.
Такталгандай, кырсык 24-июлда Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында катталган. Анда электромобилдин айдоочусу унааны башкара албай, жолдун сол тарабына түшүп кеткен. Азыркы учурда кырсык боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат берди.
Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.
«Аварияга кабылгандардын арасында эки аял жана эки кичинекей бала болгон. Бир аял ооруканага жетпей эле каза болуптур. Экинчисинин буттары сынып, ичинен (ичегилери) оор жаракаттарды алган. Ага операция жасалып, учурда оор абалда жатат. Ал эми 5 жашар кыз каза болгон, дагы бир бала ооруканада жатат», — дейт координатор.
Булак: Аргумент кж