
Кара-Балтада батирден аялдын жансыз денеси табылды
31-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКара-Балтада аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1954-жылы туулган Л.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жерине 3 куткаруучу тартылган.
Булак: Аргумент кж