
Каптагаев: «Акчалуулар бапестелип дарыланып, акчасы жоктор кароосуз калып жатканы натуура көрүнүш»
06-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу ал Фейсбук баракчасына өзүнүн ой-пикири менен бөлүштү.
«Дарыгерлерди камактан чыгарганы дурус болуптур… Кечээ эле Кыргыз Эл Баатыры, академик Мамакеев Мамбет өз пикирин катуу айтыптыр эле, минтип отурсаңар жарым жылда хирургдардын жарымын түрмөгө камап саласыңар деп. Албетте врачтын жоопкерчилиги катуу болушу керек, ар бир бейтап үчүн өз абийири астында дагы, Жараткандын алдында дагы, мыйзам алдында дагы жооп берүүсү абзел. Бирок ошол жоопкерчиликке тартуу дагы жоопкерчиликтүү болуусу зарыл, мыйзам тарабынан так аныкталышы керек жоопко тартуу жолу (процедурасы). Ар бир кырсык үчүн милициянын барып баса калып камап салганы туура эмес. Даттануу адегенде атайын комиссия тарабынан иликтенип, анан врачтын күнөөсү аныкталса ага карата кылмыш иши же административдик иш козголуп, тергелип, сот жообуна тартылганы туура«,-дейт Каптагаев.
Ошондой эле Каптагаев медицина тармагында буга чейинки жасалган реформалар терең иликтенип, талкууланып, жакшы жактары андан ары өнүктүрүлүп, калпыс же жаңылыш жерлери жоюлуп, алдыга карай атайын программа бекитилүүсү керек деп санайт.
«Реформа мурдагы министир жасагандай «чапаевщинага» айланып калбашы зарыл. Медицина тармагы толугу менен эле бизнеске, соода—сатыкка айланып бара жатканына, акчалуулар бапестелип дарыланып, акчасы жоктор болсо кароосуз калып же болбосо «өнөкөт оору экен, мобу дарыларды ичип коюңуз…» демиш болуп иттен чыгарылып калып жатканы натуура көрүнүш. Ошондой эле кереги бар болсо дагы, кереги жок болсо дагы толгон токой анализ тапшырылып, томограмма, УЗИ дагы башкасынан өткөрүлүп эсеби жок акча жумшалып жатканы дагы туура эмес. Үй—бүлөлүк дарыгерлердин өз милдеттерин толук аткарбай отурганы дагы туура эмес. Негизи эле туура эмес нерсе көп…»,- деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.