Каныкей Эралиеванын айылга каты. Ата-эненин жоктолгон тамы, обон чакырган сагыныч

Каныкей Эралиеванын айылга каты. Ата-эненин жоктолгон тамы, обон чакырган сагыныч

02-чын куран, 2017-ж

КРдин Эл артисти, композитор, мукам үндүү Каныкей Эралиева айылга кат жазып, балалыктын издерин издеп, ата-энесин, таянесин, батасын берип, музыкага багыттаган залкарларды эстеди.

Саламатсыздарбы, менин айылдаштарым. Түн бир оокум, мен колума калем алып, айылыма, киндик тамган, анан да так секирип ойноп чоңойгон мага кымбат жерлерге кат жазып жатам.

Айылды эстедим, балалыктын издери калган Ак-Талаадагы Дөрбөлжүн айылым менен Рыбачье эсиме түштү.

… Менин айылыма барбаганыма көп болду. Жыл сайын «мына барам, ана барам» менен убакытты өткөрүп жатам. Айылдагы там да сатылып кетти. Бир туугандарымдын баары шаарда иштеп, айылга барып жашагылары келбегени өкүнүчтүү… Бирөө эле айылда жашап калса эмне деп ойлойм. Ошондонбу, акын агабыз Надырбек Алымбековдун «Айылга кат» деген ырына обон жазгам. Менин балалыгым эки жерде өттү. Бири — Ак-Талаада Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылында, экинчиси Ысык — Көлдүн жээгинде Рыбачье (азыркы Балыкчы шаарын) шаары. Ата-энем студент кезинде мени таянем Калыйга беришкен экен. Апам (таянем) Ысык – Көлдүн Кожояр айылында жылкычы жана чабан болуп таятам Садык экөө колхоздун ишинде көп жыл иштеген. Жазган обондорумда Ысык-Көл да өзгөчө орунду ээлейт. Таянем Калыйдын колунда чонойгондуктан улам аны апа деп калдым. Ал киши бир жылы Ак-Талаада болсо, кийинки жылы Рыбачьеде кыштачу. А мен болсо апамдын (таянемдин) көлөкөсү болуп, каякта болсо да жанында жүрчүмүн.

                                                                                                                                           Каныкей Эралиеванын кичине кези. Апасы, таянеси, өзү (ортодо) жана иниси менен

Чыгармачылыкка жетелеген таянем

Чыгармачылыкка жакын болгонума таянемдин эмгеги зор десем болот. Рыбачьеде кимде баян, гармошка, аккордеону болсо мага деп сурап келээр эле…

Ага чейин Ак-Талаада өзүмдүн ата-энем мени жана Турдубек Чокиев (азыр ал чоң Кыргызстандагы таланттуу композиторлордун бири) тууганым экөөбүздү ошо кездеги чоң обончу Мааданбек Алмакуновго жиберип музыкалык сабатыбызды ачкан. Бирок ал киши башка районго кетип Турдубек экөөбүз мугалимибиз жок калдык. Анда кичине элем. Турдубек бир аз үйрөнгөндөн кийин атасына гармошка саттырып алып сызылтып ойноп калды. Байкасам, мага дегеле үйрөткүсү келбейт. Акыры апамды арачы салып, «Каныкейди да үйрөт» деп айттырып жатып, Турдубектен «до мажор гамманы» араң, анан обончу Калыйбек Тагаевдин «Долон» ырын үйрөнгөм. Бүттү анан, баары башталды… Мектептен келип эле баян менен алышам. Тарта берип үйдөгүлөрдү да тажатам десеңиз. Ошентип жүрүп уккан обондордун баарысын үйрөнүп алып, андан соң обон чыгарып, ырдай баштадым. Себеби Турдубек «Байгөнчөк» деп аталган обон чыгарды да, аны сөзсүз туурайм да. Үйдөгүлөр конокко кеткенде, ушундай бир жыргал! Эшикти ичинен илип алып баянды тартып созолонуп радиодон уккан ырларды биринен сала бирин ырдай берчүмүн. Мектепте жакшы окудум. Рыбачьедеги балдар китепканасындагы китептердин бири калган эмес. Бул менин чыгармачылыка аттанганымдын башаты болду окшойт.

                                                                                                                                     Каныкей Эралиева уулу Арлен менен

Алп манасчы Саякбай ата батасын бергенде…

Эсимде. Рыбачьеде Ленин атындагы орто мектепте окуган кезимде залкар манасчы Саякбай Каралаев менен окуучуларынын жолугушуусу болду. Анда мен өзүм чыгарган «Бөбөктөр» деп аталган ырымды аткарып бердим. Ошондо Саякбай атабыз бардыгыбызга батасын берген. Саякбай атабыздын батасы тийген экен мага деп азыр ойлоп калам.

                                                                                                                                  Студенттик кез. 1972-жылдар

Атактуу Жүмамүдүн ата жана музыкага байланган өмүрүм

Ак-Талаада үйгө конок келгенде мен үй ишинен бошойм, себеби келгендерге баян тартып ырдап берээр элем. Ошентип акырындык менен райондо атым чыга баштады. Ак-Талаада ичүүчү суу тартыш эле. Төмөн жактан саздан ташып келчүбүз. Сууга баратканда кыздар болуп гүл терип аябай кыялданып ойноп келээр элек. Ал кезде индия кинолору клубга коюлуп, биз үчүн ошол кезде чоң майрам сезилчү. Индия кинолорундагы ырларды жаттап алып, дал өзүндөй кылып аткара турганмын. Жанымдагы курбу кыздар да ошол ырлардын сөзүн мага жаздырып алып ырдашчу.

Эсимде… Биздин үйдүн маңдайында мейманкана болор эле. Артисттер райондорду кыдырып концерт коюп келип калганда көзүмө негедир абдан жакшы көрүнчү. Албетте, аларды үйгө чакырып сыйлаар элек. Алар ошол кезде эле мага жакын, өз адамдай сезилчү. Бирок ата–энем эч качан мени ырдап артист болот деп ойлошчу эмес. Атам бухгалтер, апам врач кесибин аркалаган. Ошондуктанбы, мени да ата–энем дарыгер болот деген үмүттө жүрүшкөнүн сезчүмүн.

Эсимде… 8-классты аяктап калган убакта атамдын машинасы менен апам үчөөбүз райборбордон облустун борбору Нарын шаарына аттанып, Жумамүдүн Шералиев атабызды театрдан дарегин сурап алып барып, үйүн бат эле таптык. Жумамүдүн атабыз мени ырдатып, баянды ойнотуп көрүп, ыраазы болуп, ата-энеме «кызыңарды сөзсүз музыкага окуткула, шыгы бар экен» деп аларды муютту. Ошентип, мен музыка дүйнөсүн беттедим. 8-классты аяктап, Бишкектеги (ал кезде Фрунзе шаары) Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, билим ала баштадым… Бирок, Ак- Талаанын боз чаң тоолору, чаптары жана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары менин жүрөгүмдүн тереңинде.

«Айылга кат» деген обонумда акын Алымбеков агабыздын мындай саптары бар:

Эски там ээн турат кыштагымда,

Эбактан ээси жок деп бузбагыла.

Түбү бир тууган болом мен силерге

Түңүлүп тизменерден сызбагыла.

 

Бозоргон боз там турса жол боюнда

Боордош бирөө бар деп ойлогула.

Ата-энем ак тилектен салган эле

Арбагын унут кылып койбогула.

 

Көз салып, аз болсо да бак-шагына

Жеримди алакандай сактагыла

Тагдырга айла канча барбай калсам

Тизмеге балдарымды каттагыла.

Саламым менен, каттын ээси Каныкей Эралиева

Булак: sputnik.kg

 


//