Каныбек Туманбаевдин келечегине кыйроо маанисинде төлгө түшкөндө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тамчыдагы аэропорттун коргону кулап түштү. Пескоблоктун ар бир катарына зым төшөлсө, цемент нормасы менен кошулса, зыңкыйып турмак да. Баары ачыкталды, курулуштун талаптары аткарылган эмес. Мындай кыйроого коомчулук ичинде сын-пикирлер арбын айтылды. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көрүнгөн жерге мурдун тыга бербей, дал ушундай жоопкерчиликтүү ишти көзөмөлдөй албаганы кандай? Бул анын келечегине карай төлгө сымал бааланууда. Кыйроо маанисинде… Анан калса, “Ак-кула” ат майданынын аянтына курула турган ипотекалык көп кабаттуу үйлөр да Каныбек Туманбаевдин көзөмөлүнө берилсе, бир жагынан сапатсыз иш жүрсө, экинчиден, коррупциялык элементтер ойноп кетсе кантебиз? “Кол ийрисине тартат” дегендей, өз адамдарына квартиралар таратыла баштаса, карапайым калк эмне дейт? Алдын ала ишенбөөчүлүк көрүлсө… Айтор, саясый элитанын катмары Каныбек Туманбаевдин жетекчи катары жөндөмсүз экенин, көп былыктарга шектелерин алдыртан айта башташса, аягы трагедия менен жыйынтыкталбайбы? Кыскасы, кылчактаган адам алыс узачу эмес эле…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg