Каныбек Туманбаев президенттик аппараттын башын айландырып алганда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаровдун оң колуна айланган Каныбек Туманбаевдин таасири чынында күчөп кетти. Министрлерге чочоңдоп, башкарып келгени жашыруун болбой калды. Негизи чоңдордун баары бул эргулдан тажап калышыптыр. Качан көрүшсө эле президенттин жанында жүрөт, же кабинетинде отурат. Кызыгы, Каныбек Туманбаев түрк ишкерлерин 16 миллион долларга алдап кеткени ыраспы? Икрам Илмияновдун аркасынан жеткен байлыктарын сиңирип алганбы? Ошолорду пайдаланып, президенттик администрациянын башын айлантып, акчанын “күкүмүн” себелеп, баарын арбап алганы ачыкталабы? Эртеби-кечпи бул эргул УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колуна тийсе, көп суроолорго жооп бериши мүмкүн. Онтоп калбайбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg