Каныбек Осмоналиев: “Мен фейктер апаатын коронавирустан да коркунучтуу катары эсептейм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Фейктерге каршы чара көрүү боюнча мыйзам кабыл алынганы менен иштеп кеткен деле жок. Ал мыйзамды жокко чыгаруу сунуштары да айтылууда. Бирок фейкизм күч алып бара жаткандай… 

— Фейкизм – бул илгертен эле ар кандай максаттарда колдонулуп келе жаткан, жийиркеничтүү, өтө ыплас адамдарга ыңгайлуу болгон жалган маалыматтар булагы болуп эсептелет. Көбүнчө акылы тайкы, көңүлүнө эч нерсе жакпаган, коомдо өз ордун таба албаган адамдарга мүнөздүү терс феномен. Анан эле акыркы 4-5 жылда биз, кыргыздар ушул фейкизм боюнча эмнеликтен дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы орунга чыга келдик?

Мен ушунун артынан көп ойлончу болдум. Илгери аталарыбыз жалган сүйлөгөндөрдү эл арасынан оолактатып кармашып, адам катары көрүшчү эмес. Коомдун оорукчан адамы катары кабылдашчу. Азыр эмне болдук? Интернет, ж.б. ММКда фейкизм улуттук бир өзгөчөлүк катары көрүнүп, кадимкидей эле отурукташып алды го. Эсимде, 2017-жылкы президенттик так талашууда фейкти ошол кездеги бийлик адамдары укмуш колдонушуп, бир талапкерди асманга чыгара мактап, ал эми анын атаандаштарын жерге киргизе жамандап чыгышкан. Ошондо эле таңгалып жүргөм, “бул акмакчылык расмий бийликтин ыкмасына айлана баштаган турбайбы” деп. Кийин ушул жийиркеничтүү амал 2020-жылкы парламенттик шайлоодо өтө зор жалын менен алоолонуп чыкты. Кыргызстандын жарымы фейк болуп алышып, бир олигархтын жана ошол кездеги президенттин үч партиясын асманга көкөлөтүшүп макташып, болочок президенттин партиясы менен кээ бир оппозициялык партияларды жерге житире кагып киргизип жатышты. Аягы эмне менен бүттү? Бийлик шерменде болуп качып чыгып, элдик бийлик орноду. Бирок, көкүрөктө дагы эле так турат. Анткени, фейктердин армиясы жаңы дем менен кайрадан күч ала баштады. Мен алардын апаатын коронавирустан дагы коркунучтуу катары эсептейм. Covid-19 менен “омикрон” иммунитетти көтөрө албаган адамдарды кыйратса, фейктер биздин өлкөнүн келечегине кол салып жатышпайбы! Алар өтө сабатсыз, амалкөй, сөгүнчөөк айбандар экен. Акча берген акмактардын каалаган амалдарын аткарып жатышат. “Окуюн, билим алып, адам болоюн” деген жаштар тартылууда.

— Ошолорду пайдаланган саясатчылар элге, өлкөгө жакшылык кылабы?

— Албетте, жок! Алардын бир эле максаты бар – колдо мүмкүнчүлүк турганда байлык жыйнап алуу, өлкөнү талап-тоноо. Ал эми тигил фейктер кубаттуу курал. Мына ушул эле. Жакында эле кабыл алынган фейкизмге каршы мыйзамдын түк иштебей жатканы дагы ушундан. Эмне кылуу керек? Фейкти колдонгон жана аны колдогон адамдар ырайымсыз жазаланууга тийиш! Россия биринчи кадамды колдонууга киришти. Аларда фейктерге 30 миңден 300 миң рубльга чейин штрафтар салынууда. Эми түрмөгө камоо жагы каралып жатат. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда фейкизм түшкө дагы кирбейт. Түркмөнстан менен Кытайды айтпай эле коёюн. Анан биз эле кутуруп кеттик го? Бул жакшы жышаан эмес, балдарым! Мындан ары ушинтип кете берчү болсок, фейктер элди бир нече каршылашкан топторго бөлөт дагы, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетирет. Ал үчүн согуш менен пандемиянын кереги деле жок болуп калат. Фейк согушун колдонгондордун жеңүүчүсү болбойт, өлкөбүз гана бытырап кетип, душмандарга жем болот! Мага ишенип коюңуздар!

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg