Дүйнө кабарларыКоом

Каныбек Осмоналиев: «Азыр Ооганстан дүйнөдөгү эң «ысык согуш аймагына» айланып турат»

— Талибандар талак береби, же мууздайбы?..

— Ооганстандын азыркы саясый абалына баа берүү үчүн бир аз болсо дагы анын эч болбоду дегенде мурдагы тарыхына көз чаптырсак жакшы болот эле. Анан сиз берген суроого өзүнөн өзү жооп табылат.

ХХ кылымдын орто ченинде Ооганстанда мурда болуп көрбөгөндөй ырайымсыз ички жана тышкы конфликттер өзүнүн апогейине жетип калган болчу. Анан жараткандан болуп, аларда модернизациянын бир аз жакшы жышааны башталды.

Анткени, 1950-1960-жылдары алар цивилизациянын жолуна түшө баштагандай болушту. Ошол кездеги эки сверхдержава АКШ менен СССРдин ортосунда ырайымсыз «Муздак согуш» башталып кетип, Ооганстан бейтарап абалды ээлеп туруп калды. Бирок, тиги экөөнүн катуу ченгелинен биротоло чыга алган жок. Геосаясат деген ушул да!

СССР Ооганстанга согуштук курал-жарак менен машиналарды берди, АКШ болсо адатынча акча менен «көмө» баштады. Ушул учурда Ооганстан акырындан либералдык идеология менен батышчыл багытка оой баштаган. Мисалы, Кабулда демейдеги ылайдан жасалган үйлөр менен катар эле заманбап, кооз имараттар курула баштады. Паранжа менен хиджабдар жоголо турган болуп калды.

Ооган кыз-келиндери университеттерде окушуп, жүздөрүн ачышып, маданий жана спорттук иш-чараларга катышып калышкан. Мындай сонун прогресс 1970-жылы тык токтоду. Анткени, өлкөдө диний фундаменталисттер баштаган кандуу төңкөрүштөр жана жарандык согуштар башталып кетти. Бул алааматты токтотуп калуунун ордуна АКШ менен СССР өздөрүнүн геосаясаттык оюндарын күчөтүп киришти. Аягында экөө тең шерменде болуп жеңилишип, куулуп чыгышты.

Эми талибандар бийликте. Болгондо дагы экинчи жолу. Азыр Ооганстан дүйнөдөгү эң «ысык согуш аймагына» айланып турат. Ошондуктан биз Кыргызстан аталарыбыздан калган оор басырык менен аларга киришпей эле, же бизди ошол жакты көздөй түртмөлөгөн кээ бир сырткы күчтөргө баш ийбей, өз саясатыбызды жүргүзө беришибиз керек. Мен секулярдык билим саясатын карманган окумуштуу катары дүйнөнү билим берүү менен илимди өнүктүрүү гана сактап калат деген ишеничтемин. Кудайга ишенем. Ал менин жүрөгүмдө. Мага ошол эле жетет!

Булак: Азия News гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *