Каныбек Иманалиев татаал тармактын жетекчилигинен качпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өтүп жаткан жуманын ичиндеги коомчулук эң катуу талкуулаган маселе коомдук жана саясий ишмер Каныбек Иманалиевдин президенттин указы менен КРнын билим берүү жана илим министринин милдеттин аткаруучусу болуп дайындалышы болду. Дароо эле бул маселе ММКлардын гана эмес, социалдык тармактардын да кеңири талкуусунда калды. Негизи эле КРда билим берүү тармагы аябай проблемалуу деп эсептелет. Ачык  айтылбаганы менен бул тармакка жетекчи болуп билим берүүнүн казанында жашынан кайнаган ичинен өсүп чыккан профессионал келиши керек деген пикир үстөмдүк кылып жатты. Бирок ошол соцтармактарда баардыгы эле Иманалиевди куттуктап, тармакты реформалап, көтөрүп кетээрине ишенээрин билдирип жатышты. Анын үстүнө  коомчулукка Иманалиевдин өлкө башчысына өтө курч айткан сындары да белгилүү эле. Бул маселени Каныбек мырзанын талапкерлигин талкуулап жатканда ЖКнын депутаттары да көтөрүп жатты. Ага чейин Иманалиевди президент Жапаров да кабыл алгандыгы белгилүү болгон. Анда президент тармактын жаңы жетекчисинин алдына бир топ олуттуу маслелелерди да койгон. Иманалиев тармакты оңдоп, реформалоого даяр экендигин билдирип кыска эле убакыттын ичинде анын концепциясын да даярдап талкууга  алып келээрин да айтты.

Кандай болгон күндө да Иманалиевдин алдына өтө оор сыноо коюлду. Ал бул сыноодон кантип өтөт?Чын эле өзү айткандай реформалай алабы? Же ар кайсыл шылтоону айтып, татаал тармактын жетекчилигинен качабы?

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg