Кантип кызым экөөбүз жан багып кетебиз?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

23 жаштамын, 2 жашар кызым бар. Азыр төркүнүмдөмүн, күйөөм менен келишпестик болуп, ажырашып жүрөм. Себеби, күйөөм запойго кирип, ичип кетти. 300 миң сомдой карызы бар, калпты көп сүйлөйт. Бирок мага мамилеси аябай жакшы. Эмне кылышты билбейм, үйдөгүлөр “жыйнаштырып эле сал да” деп жатышат. Бирок мен кызымды ойлойм. Учурда үйдө бала менен отурам. Кызымды бала багуучуга бактырып, ишке чыгайын десем, айына 10 миң экен. Азырынча буга да шартым жок. Эми дайыма эле апамдыкында жашабайм да. Күйөөм экөөбүз квартирага да чыгып көрдүк, эки ай жакшы жашайбыз, анан болду, кайра эле карызга батабыз. Күйөөм акча таппайт, кайын журтум өздөрүнүн жашоосу менен алек. Эмне кылсам болот? Күйөөм менен чыдап жашап, кыйынчылыктарды  жеңип кетейин десем, анын калп сүйлөгөнү калбайт окшойт. Менин башкы суроом: кантип кызым экөөбүз жан багып кетебиз?  

 

Айдай  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg