Канатбек Исаевдин камалганы – Бакыт Жетигенов менен Темир Сариевди кызматка жеткирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тагдырдын убактылуу жазмышы. Канатбек Исаев оор сыноону баштан кечирип, камакта отурат. Айтмакчы, бул 2017-жылы саясый буюртманын негизинде козголгон кылмыш иши. Убагында мамлекетти басып алуу, башаламандык уюштуруу далилденбей, он айдан кийин “Көкжалдын” эркиндикке чыкканы эсибизде. Кайрадан октябрь айында ошол эски иш менен кармалды. Келечекке карай убакыт өз баасын берет. Биздин токтоло турган дагы бир маселеге келсек, дал ушундай окуядан соң Бакыт Жетигенов Ошко мэр болсо, Темир Сариев соода, өнөр жай палатасына төрага катары шайланды. Бул көрүнүш аймактагы лидерлерге карата “тең салмактуулук” жасоо аракетиби? Эгерде Канатбек Исаев эркиндикте жүргөндө, береги эки ишмер кызматка барат беле? Мындан аркысын саясатты түшүнгөн адам талдап алса керек…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg