Канатбек Исаев оппозициянын лидерине айланабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда оппозиция чачкын, күчү жок болуп атканы жашыруун эмес. Бирок, бул убактылуу көрүнүш да. Айтмакчы, парламенттеги какылдаган Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев анчейин коркунучтуу эмес. Аларды “буюртма алган коллегалары” эле жүдөтүп коюшат…

Эң олуттуусу, көчө оппозициясы бириксе, кайсы бир деңгээлде бийликке сес көрсөтүүгө, атаандашууга жарайт. Бизге жеткен маалыматтан алсак, ачыкка чыга албаган айрым күчтөр Канатбек Исаевди сүрөөнгө алууга кызыгышып, тымызын сүйлөшүп жатышыптыр. Мындан сырткары, баштары бирикпеген саясатчылар да копшолушуп, биригүү болбосо кыйынчылыкка кабылышарын ойлошуп, жазга карай лидерди тандоого барышчудай. Азырынча тымызын акылдашуу, кеңешип кесүү таризиндеги аракеттер башталды. Аныгында, бийликке каршы күчтөр бириге алышабы? Ичтери тарыбай Исаевди оппозициянын лидери катары таанышып, кызгануудан бийик болушабы? Аз убакыт калды, баам сала туралы.

«Азия Ньюс» гезити

 

 

Аргумент.kg