Канат Сыдыков КУУга ректор болуп шайланса “кууратат”…

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Кыргыз улуттук университети дагы бир тагдыр чечээр шайлоо өнөктүгүнүн алдында турат. 27-майда белгиленген ректорду шайлоодо жети адам ат салышат. Бул шайлоо эски менен жаңынын, прогрессивдүү күчтөр менен кыргызча консервативдик маанайдагы “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” позициядагылардын күрөшү болчудай.
Дегеним, буга дейре билим берүү тармагын дээрлик төрт жылга жакын башкарып, бийликтин камчысын катыра чапкан Канат Садыков бул шайлоодо “мен гана жеңишим керек” деп өзүн фаворит санап, эч бир талапкерди бучкагына теңебей турганын сезээр бекен? Бизде адат болуп калгандай, декандардын баары үзүлүп түшүп, административдик персоналдын баары (кыскасы, экс-ректор Чынара Адамкулованын командасы) азыркы ректордун милдетин убактылуу аткаруучу тарапка өтүп, алар үчүн жаңы (а коом үчүн эски), “жаңы шефти” колдоп, “өйдө жактын буйругу” дешип, бизде ашмалтай болгон жетекчилик басым-кысымдарды баштап калган чагы.
Өлкөбүз КУУнун ректорун эле эмес, президенттик чоң шайлоонун алдында турат. Мындай шартта мурдагы ишмердигинде “мандемдүү” иштерге көп малынган, жетекчи катары күмөн санаткан Канат Садыковду түртүү бийлик үчүн аброй алып келбейт. Муну бийлик да туура түшүнөт. Себеби, калыс чечим менен коомго, анын ичинде өзгөчө илимий интеллигенцияга жаман көрүнүп алуусу мүмкүн.
Эгер сөз башынан болсо, “экс шеф” билим берүү тармагын колуна уучтап турганда бир катар “мандемдүү” иштердин башында тургандыгы жалган беле? Атап айтсак, өлкөнүн башкы көзөмөл органы болгон башкы прокуратура өкмөт башчысына Канат Садыковдун ээлеген кызматка татыксыздыгын карап көрүү маселеси боюнча кайрылган. Ага себеп, 2013-жылдын 27-ноябрында Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча мандемдүү иш себеп болгон. 2014-жылдын 12-майында болсо, УКМКнын тергөө башкармалыгы билим берүү министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына жана КРСУнун жетекчилигине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Эң кызыгы, өкмөттүн “ЖОЖго тапшырууга ЖРТдан 110дон кем эмес балл алган абитуриенттер гана укуктуу” деген токтомуна каршы келген буйрук аны менен эле токтогон эмес. Ошол эле студенттер контракттык негизден бюджеттик бөлүмдөргө которулушкан. Ал абитуриенттердин 45-55 балл алгандары да болгондугун уктуңар беле? Көрдүңүзбү окурман, өкмөттүн бакандай бир өкүлү болуп туруп, ал өкмөттүн саясатына ачык эле каршы иштеген. Экс-министрдин керек болсо өз чечимине да каршы чыгып койгон “көк жалдыгы” көп байкалат. Атап айтсак, министр кезинде ушул азыр өзү ректор болгусу келип жаткан КУУнун ректорун чагылгандай тездик менен кызматтан алып, көздөй кишиси, өзүнүн өкүл атасы Искендер Исамидиновду ректор кылып дайындаганда байкалган. Андагы ректор Аалыбек Акунов “бир окуу жайда бир гана административдик түзүм болсун” деген министрликтин буйругун аткарып, колледждерди бириктирип, институттарды факультетке айландыруу аракетин баштаганда, дал ушул К.Садыков оппозициялык маанайдагы окутуучу, декандарды мобилизациялап, А.Акуновду мыйзамсыз алып, ордуна жердеши, өкүл атасы И.Исамидиновду ректорлукка бекиткен. Эң эле кызыгы, А.Акуновдун “мен министрликтин буйругун аткардым” деген жүйөөсүнө К.Садыков “министрлик буйрук чыгарды” деп эле аткара бересиңерби?” деп чырды териштирүүгө келгенде окуу жайдын жамаатын таң калтырган. Ал кожосундай колдоп дайындаган ректор И.Исамидинов КУУда проректорлордун санын он экиге жеткирип, ж.б. дагы эки-үч эпизод менен иш козголуп, Кытайга качып кеткенин эстедиңерби? Ошондуктан, жамаат арасында “эми бул ректор болсо качкын өкүл атасын кайра алып келип, “оң колу” кылып алат” деген иренжүүлөрдү кайда катабыз?
К.Садыковдун ашкере тууганчылдыгын, тууганчылыкка келгенде принциптен түз эле тайып кетерин төмөндөгү дагы бир инциденттен байкоого болот.
Борбор калаада ЕврАзиялык университет деп аталган окуу жай бар. Бул окуу жайы өздөрүнүн лицензиясын мыйзамсыз узартып, студенттерди кабыл алып жатканын өкмөттүк комиссия далилдеп, бул маселе министрликтин коллегиясында каралган. Эң кызыгы, аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрүнүн бири министрликтин лицензиялоо жана аккредитациялоо инспекциясынын башчысы К.Садыковдун көздөй адамы жана кан кудасы Э.Молдоев болуп чыгат. 2014-жылкы шайлоодо шайлоону уюштурууда атайын кемчиликтер кетип, өздөрү көздөгөн адамды алып чыгуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуп, талапкерлердин санын жасалма түрдө 15ке жеткирип, ортозаар талапкерлердин алдыга чыгышын камсыз кылган. Мына ошол кампаниянын башында андагы министр К.Садыков турганы жөнүндө пикирлер тараган.
Учурда окуу жайдын жамаатында таза шайлоо өтөрүнө толук ишеним жок. Болбосо университетте эмгектенген 60тан ашык белгилүү окумуштуу, илим докторлорунун арасында ректорлукка татыктуулар көп эле. Алардын көпчүлүгү (ректорлук амбициясы барлары) 27-майда өтчү шайлоого ишенимдин жоктугунан катышкан жок. Шайлоодо саясый салмак менен катар илимдин тигил же бул тармагындагы кадыр-баркы чоң мааниге ээ. Маселен, Россия үчүн МГУ кандай мааниге ээ болсо, Кыргызстанда КУУ ошондой статуска ээ. Эми элестетип көрүңүз, МГУга илимдин кандидаты, доцент ректор болгонун.
Эң башкысы, бийлик чоң шайлоо алдында “бармак басты, көз кысты” кылып күмөндүү кадрларды колдобой, ЖОЖдун административдик иштеринде баардык тепкичти басып өткөн жаш кадрларга басым жасаганы оң. Мурдагы шайлоолордо белгилүү болгондой, ЖОЖ системасында бакандай орду бар университетке болгону илимдин кандидаты даражасы, доценттерди бекитип койгонуна ар дайым нааразычылыктар болуп келет. Ооба, дипломатиялык академия, АУПКР сыяктуу чакан окуу жайларда кандидат, доценттерге деле ректорлук кызмат бап келет. Ал эми КУУдай контингенти чоң, анан калса Улуттук деген статусу бар окуу жайды илимдин кандидатына башкартып коюш бийликке аброй алып келбейт. Ошондуктан, азуусун айга жанган 60тан ашык профессор, илим докторлору бар, жалпы окутуучулук-административдик курамы 2 миңге жакын, 30 миңге чукул студенти бар окуу жайда чырдын баары ректорду теңсинбегендиктен келип чыгууда. Бул жолу өкмөт маселенин бул жагын да “жети өлчөп, бир кессе” деген гана тилек.
 
Булак: Азия Ньюс, Жамалидин КАРАБАЕВ