Камчыбек Ташиевге каршы чыкканына Өмүрбек Бакиров өкүнүп атабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Өмүрбек Бакиров кабинетинен чыгарылгандан бери көчөдө жүргөнүн айтып чыкты. Орган кызматкерлери өткөн чагын казып атышканы каңкууланды. Негизи саясат бычактын мизи сымал опурталдуу экенин башынан аңдабаса керек. Этият жүрүшү керек эле. Кайсы бир маселе үчүн атын чыгарып, упай алуу оңой. А турмуш жүзүндө позицияң үчүн күрөшүү оор. Өмүрбек Бакиров убагында Алманбет Анапияевдин “желдети” катары жүргөнү, өкүл баласы экени ЖМКларга чыгып келген. Күмөндүү ишкерлиги аңыз жаратканын кайда жашырабыз? Натыйжада, тегирмендин ташына каршы туруштук бере алабы? Кылмыш иштери катары менен козголору да болжонууда. Саясый оюндардан оолак турса, Талант Мамытовдун тилине кирбесе, түз жүрсө, азапты башына үйбөйт беле? Айрым маалыматтар боюнча алсак, Камчыбек Ташиевге каршы сүйлөгөнү үчүн Өмүрбек Бакировдун өкүнүп атканы ыраспы? Кыйла эле ыңгайсыздык жаралып калды окшойт. Кечирим сурап кутулабы, же аягына чейин күрөшүүгө духу жетеби? Аз убакытта аңдалат…«Азия Ньюс» гезити

 

 

Аргумент.kg