Камчыбек Ташиевдин саясый эрки Кашкар Жунушалиевди камаганга жетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кой-Таш окуясында, Октябрь төңкөрүшүндө Кашкар Жунушалиевдин кандай кан төккөнүнө терең токтолбой эле коёлу. Элибиз жакшы билет. Тилекке каршы, жаңы бийлик келгени бул эргул жоопкерчиликке тартылбай жүрөт.

Тар чөйрөдө майрам уюштуруп, чартаңбай тепкенин көргөндөр айтышууда. Бишкекте эле ээн-эркин басып жүргөнү кандай? Кызы бизнес кылып, баласы ИИМдин 7- башкармалыгында иштеп атса, өзү оор кылмыштарды жасап коюп, эч кимди тоготпосо, таңгалычтуу бекен?

Башкасынын духу жетпей калды окшойт, бирок УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясый эрки бар эмеспи. Кашкар Жунушалиевди кармап, “кустуруп”, жазасын колуна берип койсо, өзгөчө чүйлүктөр ыраазы болот эле.

Бул жагынан арыздангандардын негизги катмары да ушул аймактан да, туурабы?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg