Саясат

Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек: Эл суранып жатат, Кудай буюрса шайлоого катышам

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, жеке ишкер, жергиликтүү кеңештердин бир канча чакырылышынын депутаты,  Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңешке аттанып жатыптыр. Бул боюнча кечээ, Канышай Мамыркулова менен Фейсбуктагы түз эфирде билдирди.
Мен өзү Жогорку Кеңешке аттанайын, саясатка аттанайын деген оюм жок болчу. Бирок, элге жардам берип жүрөм. Анан эл айтып калды, агаңыз чоң саясатта жүрүп, республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип, биздин регионго көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан сиз бир мандаттуу округдан талапкерлигиңизди коюңуз, биз көйгөйлөрүбүздү айтып турган өкүлүбүз болсо деп жатышат. Мен азыр бир туугандарым менен кеңешип, сурап жатам. Мен ойлоймун, ушул кадамдарга барат окшоймун.
Демек, Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Жалал-Абад шаардык кеңешинен кетишинин себеби да ушуга байланыштуу болушу мүмкүн.

 

 

Шаирбек Ташиев саясатта али жаш, ал буга чейин «Ата-Журт» партиясы менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон. 2018-жылы мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүп, бирок көпчүлүк добуш менен атаандашы Мураталы Тагаев утуп чыккан.
Парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын катарында Камчыбек Ташиевдин 44 жаштагы бир тууган иниси Шаирбек Ташиев да аттанды. Үй-бүлөлүү 4 баланын атасы.

Ал коомчулукка 2012-жылы агасы Камчыбек Ташиев камалгандан кийин аны бошотуп алуу үчүн бир катар нааразычылык акцияларын уюштурганы менен белгилүү. Митингчилер Жалал-Абад облустук админстрациясын басып алып, элдик губернатор да дайындашкан. Мына ошол баш-аламандыктардан кийин Жалал-Абад облустук соту Шайырбек Ташиев менен кошо бир катар тарапташтарын шарттуу түрдө кесип, кийинчерээк сотуулугу жоюлган.
Ташиевдер жалпы 11 бир тууган болгону менен алардын экөө гана мамлекеттик кызматта иштеген. Шаирбек Ташиев саясатка агасы жетектеген «Ата-Журт» партиясы аркылуу келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *