Камчыбек Ташиев «убакыт аз калды» деген сөзүн түшүндүрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

УКМКнын төрагасы буга чейин соцтармактагы баракчасына пост жазып, убактысы өтө аз калганын билдирген эле. Камчыбек Ташиев журналисттин суроосуна жооп берип жатып, эмне үчүн убактысы аз калганын айтты.

«Мен жазган маалымат эки ача пикир калтырышы мүмкүн эмес. Биз буга чейин деле иштерди аткарып келгенбиз, бирок жабык түрдө аткарып келгенбиз. Мага ушул суроону көп беришти. «Эмне үчүн убакыт аз калды? Эмнеге аз калды? Жеке өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы?» дешти. Ооба, мен жеке өзүм тууралуу айтып жатам. Себеби, бул баары жумуш менен байланыштуу. Жеке турмушумду коомчулукка чыгара албайм. УКМКны башкаруу убактысы менде азайып жатат. Бул жерде түбөлүк отурбайм да. 10-15 жыл отурбайм. 2,5 жыл өтүп кетти. Биз шашышыбыз керек. Бирок мен отурган убакытта көп нерсеге үлгүрүшүм керек. Күндөн күнгө күн азайып жатат», — деди ал.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg