Камчыбек Ташиев: «Мен да мамлекетим үчүн күйүп жаткан адаммын»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 17-ноябрда эл өкүлдөрү Өзбекстан менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди карап жатышат. Жыйынга өлкө президенти Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн мүчөлү катышууда.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков УКМК төрагасынан кол алдына иштегендерге канчалык ишенээрин сурады.

«Биз парламентке азыр алып келген документ боюнча эки жыл иштедик. Эки өлкөдөн 20 адамдан турган топ ушул убакка чейин 10дон ашуун жолу жолугушуу өткөрдү. Укрматтуу, Нуржигит Кадырбеков мен сизден азыраак же кемирээк патриот эмесмин. Мен да мамлекетим үчүн күйүп жаткан адаммын. Эгер сиз алардан күмөн санасаңыз, мен кол алдымдагылардан күмөн санабайм», — деди Ташиев.

Андан соң Кадырбеков өзүбүздүн аймагыбызда агып жаткан дарыяны өзүбүз колдоно албайбызбы деп суроо салды.

— Сиз өзүңүз барып көрдүңүзбү Гавасай кайсы жерде жайгашкан? 

— Жок, көрө элекмин. Убактым жок.

«Барып көрүш керек эле. Сизде убакыт көп. Мына мен айтсам болот убакытым жок деп. 3-4 айдан бери интервью берип, жалган маалымат таратпай, ошол жерге барып көрсөңүз болмок. Эми тоодон агып түшкөн суу барып Өзбекстанга кирип кетет. Ал жерди тосууга болбойт. Ал жерге ГЭС куруунун бизге эч кандай пайдасы жок. Андай болгон күндө Көк-Таш айылынын элин көчүрүүгө туура келет», — деп жооп берди Ташиев.

Буга кошо эл өкүлү Унгар-Тоо боюнча да маалымат берүүнүн сурады.

«Сиз Унгар-Тоого барбай туруп жалган маалыматтарды тарата берет экенсиз. Бул тоо. Буга чейин өзбек тарап ал жакка вертолет менен каттап келишкен. Ал эми бүгүнкү күндө Өзбекстанга бир дагы жер берилген эмес. Лагерь, бала бакчалар – баары бизге калды. Кошумча бир сотых, бир гектар жер Өзбекстанга берилген жок. Бул үчүн мен жооп берем. 4 485 гектар гана жер берилди, башка айылдардан эч кандай жер берилген жок», — деп жооп берди Ташиев.

Аргумент.kg