Камчыбек Ташиев TikTok блогерине камчы берип, калпак кийгизди

Камчыбек Ташиев TikTok блогерине камчы берип, калпак кийгизди

18-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн 2023- жылдын 17- авгусунда Кырыгз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы  генерал- лейтанант Камчыбек Ташиев интернет тармагындагы блогер Разгоняев Анатолиий  Валерьевичти кабыл алды.

Камчыбек Ташиев Анатолиий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын  кошконун жогору баалап, патриоттук духта блогерлик ишмерлигин улантуусун айтты. Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолиий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болоорун кошумчалады. Камчыбек Ташиев блогерге белек караты  колуна камчы карматып,  башына калпак кийгизди.

Эскерте кетсек ал тик ток тармагында кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат.

0333.jpeg

 

0222.jpeg

 

Булак: Аргумент кж