Камчыбек Ташиев: Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик бүт баарын…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык баракчасына:

“Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик бүт баарын.. Биз да башкалардай эле жөн жай бир инсанбыз. А эмнеге кечире албайсың, сен эмне Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Сен эмес, а түгүл Кудай кечирип атпайбы, кимсиң деги сен? Сен болгону 8 миллиард адамдын ичинен бирөөсүсүң, алың ушул. Кудайдан да бийик, Кудайдан мыкты болуп кетпейсиң да!!! Күндөрдүн бир күнүндө жөн эле бир көптүн бири болуп, жөн эле адам болуп о дүйнөгө узап, бул опаасыз дүнүйөнү таштап кете беребиз…” — деп жазып калтырды.

Ташиевдин бул пикири социалдык тармакта ар кандай пикир калтырып, айрымдары жүрөгү жибигенине караганда жакында камактагыларды чыгарат, деп болжолдоду.

Кызыгы, чын эле Ташиевдин жазганы жөн гана катардагы сөздөр эмес

Аргумент.kg