Камактан чыккан Теңгиз Бөлтүрүк казынага канча сом берди?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн 512 миң 858 сом зыян мамлекеттин казынасына өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

«Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 мин 858 сому мамлекеттин казынасына кайтарылды», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.

Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Башкы прокуратурадан кошумчалашкандай, азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. (Рысбек Токтогул) Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

Буга чейин «Кумтөрдүн» финансылык директору Рысбек Токтогул бир айга камакка алынгандыгы кабарланган.

 

Аргумент.kg