Саясат

Камакка алынуу кезеги Сооронбай Жээнбековго жакындап баратат

Бул дүйнөдөгү кыянаттыгың акыры ачыкталат тура. Камакка алынуу кезеги Сооронбай Жээнбековго да баратат. Себеби, ал эки жылдай премьер-министр, үч жыл президент болуп, өлкөдөгү баардык мыйзамсыз иштердин башында турган эмеспи. Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев камалса, дагы ондогон жогорку чиновниктер, аппараттагылары отуруп чыгышууда. Өлкөнү артка тартып, коррупцияга, башаламандыкка батырганы үчүн Сокени элибиз тынч отургузабы? Баарына күбөбүз, жакын адамдары да оор айыпталышууда. Өзү сүттөн акпы? Мына, бийлик башындагы адамдар түз иштебесе акыры жоопко тартыларын мезгил көрсөтүүдө. Карапайым калктын каары жаман эле, катуу талап кылса Сокенин да шору кайнап жүрбөсүн?
“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *