Түштүк Кореянын  «Калмар оюну»  сериялынын режиссеру  Хван Дон-хека Американын киноискусства институтунан атайын өзгөчө сыйлык алды. Бул тууралуу The Korea Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, бул мекеме жылдын 10 мыкты тасмасын жана телешоусун талдап чыгышат. Бул жолу мыкты сериал катары көпчүлүктүн бүйрүсүн кызыткан «Калмар оюну»  сериалы өзгөчө сыйлыкка ээ болду. Ал эми бул сеирал менен кошо британиялык «Белфаст» жана документалдуу кино тасма «Жан дүйнө жайы» ээ болду.

Эске салсак, Netflix  платформасынан түштүк кореялык «Кальмар оюну» сериалы YouTube’да популярдуулугу боюнча HBO телеканалынын «Тактылар оюнун»басып өткөн. Бул драма Түштүк Кореянын драмасына байланыштуу 131 000ге жакын видеолор менен 17 миллиард көрүүдөн ашты. Жаккандардын же комментарийлердин саны болжол менен 533 миллионго жетти.

Буга чейин Netflix түштүк кореялык «Кальмар оюну» сериалынан 900 миллион доллардай киреше алууну пландашып жатканы маалымдалган . Белгиленгендей, стриминг-платформа сериалды тартууга болгону 21,4 миллион доллар, же бир эпизодго 2,4 миллиондой сарптаган.