Саясат

Калмаматов: “Президент шайлоо алдында Мадумаровго каршы үгүт жасаганы, чоң катасы болду”

Саясатчы Бактыбек Калмаматов президенттин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн жыйынында айтылган чек ара маселеси жана анын чечилбей жатканына айрым саясатчыларды күнөөлөгөнүн сындады. Бул тууралуу Калмаматов “АвторТв” медиа тармагына берген маегинде белгиледи.

“Чек аранын чечилишине тоскоолдук жаратып жаткан протоколго токтоло турган болсок, Садыр Жапаров өз сөзүндө документ эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин бир нече жолу кайталады. Демек ал протокол чындап эле юридикалык мааниге ээ эмес. Бирок ошол кагазды бетке тутуп, ошонун айынан чек ара маселеси чечилбей атат деген бул туура эмес. Ошол күнү президенттин жыйынды көрүп отуруп анын аябай тынчсызданып турганын байкадым. Мамлекеттин ички же сырткы саясий кырдаалы оор окшойт деген ой келди. Ошол күндөгү жыйында Жапаров бир чоң катачылык жасап койду. Ал кайсы жерге барбасын бир эле нерсени элдин кулагына куюп атат “мен адилеттүүлүктү камсыздап берем”-деп. Бирок, маалымат жыйында алдыдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго каршы чоң агитация жасап койду. Муну менен президент “шайлоо таза өтөт”- деген сөзүн өзү кайра төгүндөдү. Президент бул эл башы, ал ким болбосун баарыбызга адилетүү болууга милдеттүү. Бирок ал өзү баш болуп конкреттүү бир саясатчынын беделине сокку уруп турганы “Мадумаровдун партиясын парламенттен көргүм келбейт”- деген эле чакырык болуп калды.”- деди Калмаматов.
Маекти толугу менен шилтеме https://www.youtube.com/watch?v=ayKOGr9Y53Y аркылуу көрүңүз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *