Калдарбек Абдраманов: “Жаңы депутаттар элге пайда келтире албасаңар зыянынарды кылбагыла”

Мындай пикирин кардиохирург Калдарбек Абдраманов жеке Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди:

Урматтуу Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар, жумуш орундарыңар менен куттуктайм!
Сиздерди, элибиз, мамлекет үчүн талыкпай принципиалдуу, мыйзамдуу, таза иштеп беришет деп ишенебиз.
Кокус, дареметиңер, духуңар жетпей коркуп кетсеңер, добуш бергенде, чечим кабыл алганда, биз врачтардын (Гиппократтын) “Прежде всего – не навреди пациенту” деген принцибин кармап, элге, өлкөгө зыян келтирбегилечи, суранабыз!

Add your comment

Your email address will not be published.