Коом

Какшыкчыл кайын сиңдим бизди ажыраштырды

Жолдошум он бир туугандын орточусу. Беш жыл сыртта жүрүп, карантин башталар алдында кайненем ооруп калып келгенбиз. Кайненем ашыкча сөзу жок жакшы адам.  алты ай чогуу жашап, кайненемди карадым. Оорудан улам өтуп кетти. Шаарга өсуп андан кийин орустардын арасында журуп кыргызздын каада салтын деле билбей калыптырмын. Колумда калган кайынсиңдим какшыктап, мени шылдындай берчу экен. Башында тушүнбөй жүрдүм. Маани шылдыңдагандай какшык сөзун төркүнум келгенде айтып күлгөн болучу. Мугалим болуп иштеген жеңем, катуу кагып койду. Ортодо эмне дээримди билбей калдым. Көп өтпөй кайнежелерим биригип келип мени ортого алып айтпаган сөздү айтып үйдөн чыгарып коюшту. Аларга кантип теңелет элем кызымды ээрчитип алып төркүнүмө кетип калдым. Ошол бойдон күйөөм мага бир да жолу чалган жок. Айтор кайынсиңдимдин какшыкчылынан улам турмушум бузулду. Азыр күнөөну кимге коерумду билбей  отурам?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *