Коом

Кайынсиңдим жылаңач сүрөттөрүн мага жиберип жатат.Эмне кылсам?

Турмушка чыкканыма он беш жылдын жүзу болду. Күйөөм жалгыз уул болгондуктан кайын журтум менен бирге жашайм. Мен келгенде кайын синдим мектепке жаны барган кыз болучу. Өз кызымдай кабылдап чырына чыдап жашадым. Бир сөз менен айтканда тун кызымдай болуп калды. Кайненем мен баргандан жарым жылдан кийин инсульт алып ары барып келген, азыр эптеп эле басат. Былтыр кайнежем кайынсиңдимди мага ээ кылбай Россияга алып кеткен. Эми кайынсиңдимдин жылаңач интим сурөттөрүн кайнежемдин кайниси мага жиберип акча талап кылып жатат. Күйөөмо же кайнежеме айтсам эмне дейт кайынсиңдимди алар тирүүлөй көмөт. Эмне кылып кайынсиңдимди ушундай азаптуу жашоодон ажыратып алам. Аны мен өз кызымдай көруп тарбияладым эле…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *