
Кайын-журтума баргандан кийин кыйын боло баштадым
12-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАлгач базарга бардык. Мага кийим алдык. Өмүрү кийип көрбөгөн кийимдер. Кайын энем менен кайын сиңдим ушундай сонун көйнөктөрдү алып берди. Экөөнү дагы көп сатуучулар таанып калыптыр, жакшы арзандатууларды кылып беришти. Андан чыгып алып кафеге кирдик. Ичи
кооз, тамактары бир укмуш. Алдыма буйрутма кылган тамакты алып келип койгондо, ыйлап
жибердим.
— Сага эмне болду? Жакпай калдыбы? Башкасын аласыңбы?
— Жеңе эмне болду?
Экөө чый-пыйы чыгып калды. Же сүйлөй алсамчы. Көз алдыма атам менен чоң энемдин ачуу сөздөрү келди. Чуу чыбыктан таяк жеген жерлеримден калган тактар ачышып кетти.
«Башың иштейби», «колуңан эмне келет», «буга боло берет», «жыртылса тиги ал», «ары турчу» ж.б. Мен угуп чоңойгон ушул сөздөр эле.
Апам каза болгондон менин балалыгым бүткөн. Эсимде 5-6 жаш болсом керек. Бир короо койго жалгыз суу берчүмүн. Кыштын ызгаар күнүндө жылаң баш чыгып алып суу ташыган күндөрүм, сууктан ыйлаганым, чоң апамдын ур-токмогу, атамдын ачуу сөздөрү… Мен басынып чоңойгон кыз элем.
Эч ким мени жактырбачу. Таенем башынеда келип жүрдү. Бирок аны кубалашып, мени көрсөтүшпөйт эле. Акыры келбей калды. Кийин анын каза болуп калганын уктум. Ошондо түнү менен ыйлап чыккам. Бир күнү келип алып кетет деген үмүтүм өчтү деген белги эле.