Кайын журтум мени «гангир» баш деп чакырышат. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аноним кылып чыгарып берип коюнчу.Мен турмуш курганыма он жыл болду,  төрт балам бар  шүгүр баары уул балдар күйөөм жалгыз бала кайынсиңди, кайнеже дегендер бар. Башымдан көп нерселер өттү уруш талаш , бактылуу болуш үчүн байлык керек экен, менде андай байлык жок. Ата-энем сеп дагы бере алган жок. Кайын журтум да эч ким тоготпойт атымды айтып эмес,  сойрук же гангир баш деп чакырышат. Айыл жери түйшүк , оор кышында мал жандык карайм жайында талаада эгин карамай. Эркектин, аялдын ишин да кылам, баары бир жакпайсын. Себеби колунда жоктугун эл берген нерсени ата-энен бере албагандыгы. Кайненеме келсек бир өзүмдөн кычык табат, таарынат, продуктаны бекитет, күлүктөйт келген кеткенге жамандайт. Ушунчалык жаман экенине кээде өзүмда ишенип кетем. Төркүнүмө алты жети айда бир барам , бир эле күнгө болгондо да. Таарынып кетип да калдым  көп жол,  бирок балдарды ойлойт экенсиң. Төркүнүңө төрт бала менен батбайсын. Мен буларды эмне үчүн жазып жатам жакшы жашаш үчүн байлык керек экен. Мен го чыдап жашайм,  бирок мага окшоп башында тоготпогон үй-бүлөөгө чыдыймын баары жакшы болуп кетет деп жашаган келиндерге кенешим болбогон турмуш башында болбойт ажырашып теңиңерди тапкыла демекчимин.

Аргумент.kg