Кайын синдимдин боюнда бар толтура баланы айтат кимисине жабыштырам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум экөөбүз Москвада иштегенибизге он жылдын жүзу болду. Былтыр кайнежем кызын биздикине тургузуп карагыла деген. Өзү болсо жаңы эле күйөөгө тийип анысынан тартындыбы же башка себептери барбы айтор анысын жакшы деле билбейм. Жаңыдан 19 чыккан кызды катуу эле кармап жакшы эле карап жаткам. Кара басып ал боюнда болуп калыптыр. Кайсы учурда кимге жолугууга жетишкенине түшүнбөй жатам. Ким деп такысам мени менен айтышып абийиримди кетиргенинен апасына четин чыгарып кетирип ийгем. Эми кайнежем мага бала жети ай болгончо сокур болдуңбу баланы жоготуп туруп жибер деп кайра мага жиберип ийди. Эми күйөөмө айтпай тиги кыз менен ит жебеген бок жешип жатабыз. Бала кимден экенин айтпай жатат. Телефонун карасам толтура бала менен уят сөздөр менен кат жазышып, уяттуу сүрөттөрду жөнөтүшүптүр. Кимиси десем таап ал деп койду. Кимисине чалып сен боюнда кылдынбы деп баарынан сураймынбы.  Кимисинин мойнуна койом?! Балээле калдым. Кайнежем күндө чалып менин мээмди жеп жатат, кызы болсо ким экенин айтпайт. Баланы алдырткыла дейт. Жети айлык баланы кантип алдыртабыз. Акыркы кезде күйөөм да шекшип карап жатат. Кыз болсо ичин болушунча таңып жүрөт. Эмне кылам кантип тирүү баланы кескилетип алдырттырам.

Аргумент.kg