Жолдошум төрт уул бир кыз бир туугандуу. Кайненем менен чогуу турам. Кайнене кайнатада сөз жок алтын кишилер. Бир гана колумда студент болгон кайын сиңдимдин балиттигинен тажадым. Келин болуп келгениме үч жыл болду. Эки жарым жылдан бери артынан түшүп тазалыкка үйрөтүп, тазалап келем бирок кулагына кирбейт. Жакында турмушка чыгам дейт, эми кантип жашайт? Балиттигинен кайра келеби деп сарсанаамын. Колоңсо менен шыбоосу эркек балдардыкындай ачуу. Дайыма колтугунду бутунду муздак суу менен чайкап ушуларды сыйпап тур деп атайын каражаттарды сатып келип амңдайына коюп коем. Ак көңүлү кармаса аларды колдонот, кара жини кармаган күнү бетиңе шыбап ал деп колума аларды карматып коет. Кийимдери колоңсодон дайыма сасып турат. Бут кийимди чечкенде кире беришкен ашканага кенен жыттанат. Өзүм үчүн деп аларын жууп тазалап турам. Аны көргөн кайненем мени алкап отурат. Эртең бир баласын көтөрүп кайра келсе жашоом чындап тозокко айланып, азабын тартып каламбы деп көп ойлоном. Колоңсо менен шыбоону так кетире турган каражаттар болсо жазгылачы, турмушка чыккыча тазалап салайын.