Ал күндү азыр жылмаюу менен эстейбиз. Өзгөчө мен кара ойлоруман бирде уялам, бирде
күлөм. Бирок, өткөндү сабак кылып кабыл алыш керек. Анда эмесе кеп башынан болсун.
Күйөөмдүн чоң атасы каза болуп калды. Айылда бир айдай жүрдүк. Үйгө келип эч кимибиз
бири-бирибизди карабастан, уйкуга кеттик.
Түшкө жакын ойгондук. Кайын энем тамак жасаганы жөнөдү. Мен үйлөрдү жыйнап, кирлерди
машинага салдым. Алып чыгып жайып коюп, тамактанып, кайра уйкуга кеттик.
Кечке маал ойгондум. Терезеге келип, сыртка көз чаптырдым. Кайын энем мен жууган кирлердин баарын чогултуп, кайра машинага салып жатыптыр. Кызык, эмне болду экен? Дароо
уйкум ачылды. Кайын энем бейкапар кирлерди жыттап дагы коет. Ачуум келди. Жаңы
келгениме аз эле болгон. Кылган ишимди жактырбай жатабы деп ойлодум.
Кайын энем эч нерсе болбогондой жүрөт. Чайга көңүлсүз отурдум. Мени карап коет.
– Кызым, катуу чарчаган окшойсуң, э…
– Андай деле эмес, уктап эс алып калдым.
– Жок чарчапсың (күлүп).
– Эмнеге антип ойлодуңуз.
– Кирге порошок салбай, анын ордуна хлор салып коюпсуң, кызым (күлүп).
Каткырдык. Экөөбүз күлүп жатсак, кайын атам чуркап келе калды. Эмне болгонун айтсак, ал дагы күлдү. Кийимдердин көбү жараксыз болуп калыптыр. Бирок, эч ким эч нерсе дебеди.
Кайра тамашалашып жатышты.
Бул кичинекей окуя мага чоң сабак болду. Ачык сурап, ачык сүйлөшкөндү үйрөттү.