Кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө жаш келет

Кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө жаш келет

25-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Учурда үч баланын энесимин. Айылда турабыз, жашообуз эл катары өтүп жатат.
Жолдошум менен «одноклассники» сайты аркылуу таанышкам. Бир жыл сүйлөшүп,
жылдызыбыз келишкен соң баш кошконбуз. Кайын энем менен таанышканда «Курманжан Датка» деген киного барганбыз. Абдан шайыр айым экен. Бат эле тил табышып, сүйлөшүп
кеткенбиз.
Апам менен чогу 8 жыл жашадык. Ал күндөрдү, кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө
жаш келет.
Келин болуп келгенде кайын энелик кылып кыр көрсөткөн жок. «Апа билбейм» десем акырын айтып түшүндүрөт. Бир жолу кой союп, ичеги-карын тазалаш керек болуп калды. «Мен ичегикарын артып көргөн эмесмин» дедим. Ичимен жаман көрүп калды го деп кыжалат болдум. Бирок апам «келин болуп келип баары эле кыйраткан эмес. Акырындык менен үйрөнүп
кетесиң» деди. Ыраазы болгом.
Апам 3 эркек баласын жалгыз тарбиялап өстүрүптүр. Балдарына татыктуу тарбия берген десем да жаңылышпайм. Кайын агам ак көңүл, боорукер, тамашакөй адам. Кайним болсо абдан шайыр анан шашма. Жолдошум ортоңку баласы. Ага карабай өз колуна бизди алып калган.

Апам менен тамашалашып көп ойнодук. Кышында апам экөөбүз муз тээп балдар менен кошо ойночук. Кишилер өтүп бара жатса бала ойнотуп жаткан киши болуп туруп калат элек. Тамашалашып сүйлөшчү дагы темабыз көп болчу.

буту үшүп калбасын» деп түрлөп байпак алдыртыптыр.
Апам 62 жаш курагында рак оорусунан улам көз жумду. Баарыбыз үчүн катуу сокку болду. Өлөөр алдында «сага ыраазымын» деп колумду бекем кысканын такыр унутпайм. Эсимде шайыр жана мыкты кайын эне боюнча калды. Апамдын кылык-жоругун эстеп, сагынып бир
ыйлап алдым.