
Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту
12-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМенин кайын энем башкача экен. Чын айтып жатам башкача экен. Өзүм бүгүнкү күнгө дейре таң калып бүтө элекмин. Башында эки жүздүүлөнүп жатабы деп ишенбей кетет элем. Жаңылыпмын. Машинамдын ачкычын колума алганда билдим. Жалдырап эле туруп калдым.
Алгач “Үйдө отуруп эмне кылмак элең, жашсың, иштеп эл-жер көр”,- деди. Сүйүнүп жумушка орноштум. Аз өтпөй “балам менен кошо карьера кылышың керек”, — деди. Үйгө шашпай жумушка көбүрөөк убакыт бөлө баштадым.
Ишенесиңерби бир жагынан кайын энен, экинчи жагынан күйөөң колдоп турса ишин өзү эле алдыга жылат экен.
Маршруткадан продукту көтөрүп түшүп келатып кайын энеме жолугуп калдым. Таксисин токтото калып, салып кетти. Үйгө кирери менен дароо күйөөмө чалды. “Сен жыргап машина айдап жүр. А биз келиним экөөбүз маршруткага түшүп продукту ташып жүрө берели. Эч нерсе билбейм, келиниме машина алып бер.” Трубканы коюп койду.
— Апа, тим эле койбопсуз. Айдаганды деле билбейм.
— Үйрөнөсүң. Кийин балдарыңды бала бакчага алып барганга керек. Анан дагы оор көтөрүп жүрө берсең, ден соолугуң эмне болот?
— Макул, апа.
— Ай, бул ушундай, айтпасаң кылбайт. Алып берет. Алдыртабыз. Көп ойлонбо. Бир нерсе деп көрсүнчү.
Экөөбүз каткырып күлдүк.
Бир айга жетпей күйөөм тыпыйган машинанын ачкычын берди. Сүйүнгөнүмдөн эчкидей так секире берипмин. Эсиме келип кайын энеме чуркап бардым, “жүрүңүз апа, бир айланып келели.”
Ар дайым » элдин алды болуп жашагыла»- деп турат
Өзүм карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Бирде ток, бирде ач жүрүп чоңойгом. Жетишсиз турмуш кандай болорун жакшы билем. Менин жашоом ушул үйгө келин болуп келгенден кийин 180 градуска өзгөрдү. Күйөөм тектүү жердин баласы экенин билип, “мени кандай кабыл алышат болду экен” деп башында көп ойлончумун. Бекер эле кабатыр болупмун. Азыр өзүмдүн ата-энеме дагы жардам бергенге жетишип жатам.
Ар дайым менин таламымды талашып турган кайын энеме ыраазымын. Ушинтип эле күйөөм экөөбүздүн маңдайыбызда кеңешин берип, колдоп, аман-эсен жүрө берсе экен.
Булак; Аргумент кж