Коом

Кайын атам кемпири жаныма алып келип койгула деп ыйлаганын унутпайм

Анан тиземе жаткан бойдон уктап калды. Чачынан сыладым. Бутум уюп чыкты. Бирок, ойготуп
албайын тургузбадым.
Кайын атам менен кайын энем пенсионерлер. Жетимиштен ашып калышты. Келин болуп
келгениме алты жыл болду. Экөөнүн оорудум дегенин укпадым, эркелеп балдарын кыйнаганын көрбөдүм. Жумуш кылып эле жүрө беришет. Качан үйүнө барбайлы баары таза, өз ордунда.
Кайын энемди балдары үйүнө көп алып кетишет. Метисалы, «апа, тойго барып келели, балдар
менен отуруп турасызбы», «апа, коноктор келет экен, балдар менен отуруп турасызбы», «апа, аяштар менен отурушубуз бар эле, балдар менен отуруп турасызбы» ж.б. Биз деле бир-эки жолу
балдары таштап кеткенбиз.
Кайын атам экөө неберелерин башкача жакшы көрөт. Ар бир небересине тоок, кой энчилеп
коюшкан. Балдарыбыз үйүнө барганда дароо сарай жагына чуркашат. «Мына меники!» дешип
козуларын көрүп сүйүнүшөт.
Күйөөм экөөбүз кабар алганы барганбыз. Кайын атам үйдө жалгыз экен. Апамы сурасак кайын
эжем алып кеткенин айтты. Канча күн болду десек, бир жумадан ашып калыптыр. Бүгүн келмек
экен. Мен үйдү жыйнап тамак жасадым, кирлерди жууп жайып койдум. Кайын атам рахматын айтты. Анан баарыбыз чайга отурдук. Бир маалда кайын агам келип калды. Анын артынан
кайын эжем кайын энемди алып келди. Кайын агам ошондо:
— Апа, сизге келгем, тиги балдар менен отуруп турасызбы?
— Макул, балам, макул.
Кайын атам колундагы чынысын столго тарс эттире койду. Чочуп кеттик. «Кемпири жаныма алып келип койгула. Апаңар силерге бала багуучу эмес. Улам бириңер алып кетесиңер. Мен
силерди ушинтип тарбияладым беле. Жаштыгыбыз силерди бакканга өттү, эми
карылыгыбызды дагы алганы жатасыңарбы. » Дагы көп нерселерди айтты. Көзү жашып чыкты.
Анан туруп алып кетменин алып бак жакка кетип калды.
Кайын энем маани бербей эле коюушбузду суранып тыбырчылап чыкты. Ак көңүлдүгүн ай,
мынча жакшы адам. Кайын агам менен эжем атасынан артынан кетти. Анан аны ээрчитип
келишти. Эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, бирок маанайлары жакшы болчу.
«Атамдын ыйлаганын ббиринчи көрүшүм. Уялдым. » Күйөөм үйгө келип ушинтип ыйлады.
Азыр баары жакшы. Кайын атам менен кайын энем көлдө эс алууда жүрүшөт. Буйруса эртең
күйөөм барып алып келет.
Айтайын дегеним, өзүбүздү эле ойлобостон, башка бирөөлөдүн деле жеке жашоосу бар
унутпасак. Карыган кишилерге бала багуу жагат десеңр жаңылышасыңар. Алар тынчтык керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *