Кайрат Кыргыз: “Биздин элге нааразымын, жылаңач түшкөн сүрөтүмдү алып салдым”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жыл жаңырып, элдин баары жаңы жылдык майрам менен алек. Ал учурда  шоу дүйнө айдыңында белгилүү ырчы, “Кайрат Кыргыз” деген ат менен элге таанымал жигитибиздин соцтармакта көл жээгинде көмкөрөсүнөн таш кучактап жаткан жылаңач сүрөтү пайда болду. Саналуу мүнөттөрдө, саатта кулач-кулач комментарийлер жаады. Бир сутканын ичинде жарым миллиондон ашык просмотр болуп, Кайратты сөгүп-сагып, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып атты. “Атың чыкпаса жер өрттө” деген эски макал эске түшүп, Кайратты кепке тарттык.

— Кайрат, көлдүн жээгинде таш кучактап түшкөн жылаңач сүрөтүңө эл “шок” болуп атат го?

— Эмне айтмак элем, бул сүрөт – сулуулук, искусство! Ал жерде эч кандай жаман нерсе жок. Микеланджело. Аполлон – красота. Эпохи возрождения. Физическое тело. Сулуулук көрсөтүү болчу. Өзүмө жаккан сүрөттү чыгарып койдум эле элдин баары “дуң-буң” болуп кетти.

— Каерде, качан түшкөнсүң?

— Жай мезгилинде Ысык-Көлдөн түшкөм.

— Жылаңач сүрөткө түшүүңө эмне себеп болду эле?

— Как будто мени бирөө мажбурлагансып, же бирөө мени “момундай кыл, тигиндей жат” дегенсип эмес, тескерисинче, өзүм эле көлдүн жылуу суусунан ысык кумунан рахат алып, анан фотограф тартты, карап көрсөм сонун чыгыптыр. Анан 1-январь күнү Ысык-Көл эсиме түштү, сүрөттү чыгарып койдум.

— Сотармакка чыккандан кийин коомчулуктун кандай комментарийлери сага жетип атат?

— Адамдардын искусствону канчалык деңгээлде түшүнөрүн, интеллектин, дүйнөтаанымын билгим келди. Көрсө, биздин коомчулук жогорку искусствону аңдап, тереңден маани берип, тийешелүү баасын бергенге ички жандүйнө көрөңгөсү бөксө экенин билдим. Ошол эле учурда кээ бир комментарийлерде юмор катары, жөн эле сүрөттү баалап, кубаттап аткандар болду. Менимче, болжол менен 60-70 пайыз адамдар ал сүрөтүмдү жактырышты.

— Азыр ал сүрөтүңдү алып коюптурсуң, себеби барбы?

— Себеби жөнөкөй. Негедир ошол эле соцтармакка аттуу-баштуу, легенда жараткан адамдар менен сүрөткө түшүп, жакшы пост жазсам, катталуучуларым жылуу сөздү кой, жадагалса “лайк” баскандан эринип, кыйгап өтүшчү. Ал эми жылаңач сүрөтүмө болсо жанагы тарп жеген жоруларга окшоп, сүрөттү баса калып мени каргап-шилеп, жаман сөздөрүн кулач-кулач жаадырып атышты. Биздин коомчулук аман эле болсун! Алып салдым.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg