Саламатсызбы мен дагы өз көйгөйүм менен бөлүшкүм келди. Эч кимге айталбайм,ата-эне бир туугандарыма да айта албайм,сиздерден кенеш алгым келди. Келин болгонума 8 жыл болду эки кызым бар,аял адамга эле бардык кыйынчылыкты берип койгонбу,кайни укам бар жолдошумдун иниси,эч эле мени койбойт ошончо жакшы сүйлөп , жакшы мамиле кылсамда эч эле жакпай койдум,биз бөлүнп чыкканбыз 5,6 жылдан бери эле ушу мени менен уруша берет,унчукпай кутулуп кетчүмүн. Кечээ жаны-жылдык майрамга кайнемдерди күттүк. Москвада өзүм кыздар менен баргам анан энемдерге сүйлөп  эле отурсам жаман бир демелерди сүйлөдү.Мен сизге сүйлөбөдүм бала десем эле чуркап келип тээп урушка туштү. Кайнем кайнатам бөлүштүрүп ,кайнатам аны уруп,менин чоң кызым 7 жашта кыйкырып апааа деп чуркап келип мени кучактап ыйлап анан сыртка качып чыгып кыздарым кучактап отуруп калдым. Өлүп алгым келди уят да женесине кол көтөргөн анан үйгө кайра кайнене кайнатам алып келди,мени алар баары бир  баласына болушаь экен. Аларды да түшүнөм ,анан менда жиним келип акеме айтам урдурам баланарды акысы жок эле мени урушка десем ,кайненем үйдөгүлөргө айтсан акене айтсан балам менен жашабай кетебер,жашашты ойлосон эч кимисине айтпа деди. Жолдошума чалып айтсам алда айтпа акана айтсан кетебер деп атат,ал кайра мени урушуп кайненем ага да чыгып мени ар нерсе деген экен мени кайра алда урушуп,жаман болсо да  менин бир тууганым айтпайсын айтсан кетебер деди,акем жини тез барып Уруп салса кайнимди апамдар кайненемдерге барып мени жашатпай койсо эмне кылам деп,айтпай отурам мен жетим эмесминда алардын балдарынын тепки жеп. Эмне кылсам , кеңеш бериңизчи?