Коом

Кайненем үчүн 3 балам менен эшикте калдым

Саламатсыздарбы мен жакында эле жолдошум менен ажырашып кеттим. Кайненем эч батырбады. 3 балам менен апамдын үйүнө келип отурам, кичинем 3 айлык, аябай нервыный болуп калдым. Балдарым кичине кутурса уруп салам, уруп алып ыйлайм. Үйдө женем да бар анын балдары менен менин балдарым урушат, женемда кыжыры келип кабагын бүркөп калат. Ыйлап өзүмдү жеп бүттүм. Же кайненеме өзүм барсамбы кечирим сурап. Кайненем мен албаган нерсени алды деп ууру кылды, жегениме да кирише берет, “мынча көп жейсин” деп энемден бекинип жеп алат элем кээде көп жедин дебесин деп. Мага кенеш бериниздерчи эмне кылайын? Балдарым чонойуп ишке чыккыча жинди болот окшойм.Же жолдошум да бирда чалбады жалгыз бала ата-энесинин чызыгынан чыкпайт.  Болгону кенеш берип койунуздарчы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *