Тагдырымдын бир тарабына өксүк жазылыптыр. Турмушка чыгып, бир уулду болгондо жол кырсыгынан улам күйөөм каза болуп калды. Бул мага күтүүсүз сокку болду. Бир жылдан ашуун өзүмө келе албай жүрдүм. Менин абалымдан корктубу кайненем уулумду мага берген жок. Түнү да өзү карап жүрдү. Буга чейин төркүнүм алып кетели дешти, бирок кайненем мени жибербей койду. Ошону менен калып калгам. Эми кайненем “жаштыгыңды жалгыз өткөрөт белең турмушка чык. Баланы мен багып алайын каалаган учурда кел бул баланын деле жашоодо карманаары жалгыз сенсиң бирок бала менен башкага турмушка чыга албайсың”- деп жатат. Чынында кайненем мен келгенде эле апаңдын ордуна мен апа болом деген айтканынан кайткан жок. Келгени бир да жаман сөз тийгизбей келди. Эмне деп жооп береримди билбей жатам. Кийинки турмушум кайненем менен мени катыштырбай койсо уулум кантет?