Коом

Кайненем мен жокто ич киймимден бери кийип көрө берчү

Турмушка чыкканыма сегиз ай болбой ажырашып кеттим. Ал үйдөн өзүмду бактылуу сезе алган жокмун. Жолдошум менен эки жылдан ашуун сүйлөшуп журуп баш кошконбуз. Жалгыз уул болгондуктан кайын журтум менен бирге жашадым. Буга чейин деле кайын журтум менен чогуу жашай турганымды билип өзүмду тарбиялап келгем, бирок мен күтпөгөн кадамдардан улам ажырашууга туура келди.

Келгенден жума өтпөй кийимдерим чачылып калганын байкап калып жүрдүм. Бирок ага анча маани бербедим. Ошентип бир ай дегенде кайненемдин биз жумушка кеткенде кийим кечемди аңтарып өзунө керектүүну алып кийип көруп кайра салып коет экен. Көпкө чейин унчукпадым. Таза ич кийимдерим кир болуп салынып кала баштаганда жолдошума айтсам кунөөну мага коюп женип койду. Бир жолу үйгө эрте келип калдым. Кийимимди алмаштырмакчы болуп бөлмөмө кирсем кайненем менин ич кийимдеримди кийип көруп жатыптыр. Бул мен үчун сабырдуулуктун акыркы чеги болду. Болгон ич киймимди жыйнап туруп кайненемдин колуна карматып түртуп бөлмөмдөн чыгарып салдым. Аран турган көз чыгып кетти өзү эле болуп уруш чыкты. Чыдамым жетпеди. Өмүр боюу катынып, шекшинип жашагым келген жок. Өзүмө керектүүлөрумду алдым да чыгып кеттим. Кайрылып барган жокмун. Кийин кайненемди көчөдөн менин көйнөгум менен көрдүм. Жетишпесе тоюнсун дедим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *