Кайненем мага болушам деп уулу менен сүйлөшпөй калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жети жыл чогуу түтүн булаткан күйөөм студентти менен жакын мамиледе болуп алып төрт бала менен  мени таштап кетти. Чынчык, ишине так жургөн күйөөмдөн мындай кадамдарды күтпөгөнгө ушул мезгилди көтөрүш абдан оор болду. Айла жок баарын чыдап, баарына баш ийүүгө тууар келет экен. Күйөөм жалгыз уул болгондуктан кайненем биз менен бирге турат. Башында уулунун кылгандарына ишенбей мени жемелеп жүргөн. Качан кызынан беш жаш улуу студент кызды тааныштырам деп кайненемди кафеге алып барыптыр. Небересиндей болгон кызды уулунун жанынан көргөндө токтоно албай кызды чачтан алып жулмалап ийиптир. Жаш сүйгөнүнө болушуп күйөөм апасына таарынып жүрдү. Кайненем болсо ичим тап болуп жүргөнүн байкап жатам, бирок ачылып ичиндегисин сыртка чыгарбаган аял болгондуктан эмне болуп жатканын биле албайм. Акыркы кезде кан басымы бат-бат көтөрүлүп жатат, биз менен мурункудай болуп жашабай басынгансып, бирөөнүн үйүндө жашагандай болуп калды. Күйөөм жаш аялынан кыздуу болду. Эки жолу апасына чалса ал албай койду. Кайненем менен күйөөмдү кантип элдештирем. КАйненем мага болушам деп уулу менен таптакыр сүйлөшпөй калды. Жашы да бир топко келген кан басымы көтөрүлгөн сайын ичимден жаман болуп жатам

Аргумент.kg