Турмушка чыкканыма бир жылдай болуп калды. Жолдошум жоош, бирөө менен конфликке бара бербейт. Бирок менин заарканткан кайненем. ал мен келгенден тартып эле баарына кийлигише берет. Макул мен аны түшүнөм. Анткени ал куруп, жылуулук тартуулаган үйундө мен ээлик кылышым ага өөн учурайт. Балким мен ал киши жасагандай оокат жасабай калышым мүмкүн. Үй оокаттарына кемчилик кылып айтса аны кайра кайненем айткандай кылып жасайм. Бирок бир гана нерсесине чыдабай келе жатам. Бул биздин күйөөм экөөбүздүн эч кимге бөлүшө албаган түнку мамилебиз. Кээде даарат алайын деп дааратканага барып калсам, “кечке эле жууна берип бала токтобой жатат”-дейт. Кокус ага көрсөтпөй даараталып калган болсом “Сасып жүрө бербей жуубайсыңарбы”дейт. ушул сөз мага катуу тиет. Ошонун айынан деле күйөөм экөөбүз кошулбай калдык. Чоочун адамдай эки бөлөк төшөк жамынып жатабыз. Мынчалык терең кирип баарына кийлигише бербеш керектигин кантип кайненеге түшүндүрөм.