Кайненем күйөмдү менден алыстатып, бизди ажыраштыргысы келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен турмушка чыкканыма 10 жылдын жүзү болду. Биринчи ушул үйдүн босогус аттап киргенде эле кайненем мени жылуу тосуп алган. Жолдошум үйдүн жалгыз баласы болгондуктан ата-энебиз менен бирге жашашка туура келди. Албетте биринчи келгенде башка бүлөөгө көнүш мен үчүн оор болду. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн мыйзамдары болот эмеспи. Ошондуктан мен ар бир кадамымды, сүйлөгөн сөзүмдөн айбыгып, туура эмес сүйлөп, туура эмес мамиле кылып албайын деп кооптонуп турат элем. Менин жаңы үйгө көнүп, алардын үй-бүлө мүчөсүнө кошулуп кетишиме кайненемдин жардамы чоң болду. Ал киши менин билбегенимди жашырып, билгенимди мактап, дайыма дем берип турар эле. Канчалык чын дилинен мамиле кылса да мен кайненеме берилип жүрөгүм менен сүйө албай жүрдүм. Себеби бизде калыптанып калгандай кайнене акыры барып душман болчудай эле сезиле берди. Кээде өзүмдү алаксытам. Кантип эле ал менин өмүрлүк жарымды багып чоңойткон апасы мага душман болмок эле деп. Мен буга чейин курбуларымдын, эжелеримдин кайненесин жамандаганы жүрөгүмө сиңип калыптыр. Менин да кайненем ошондой да деген ой жүрөгүмдү өйкөп тура берчү. Ошентип жашоо менен аралашып жүрүп бир жыл өтүптүр. Ушул убакыт аралыгында кайненем мени бир да жолу катуу айтып, сен келинсиң деген жок.

Боюмда болуп бала төрөдүм. Бирок, бирок мага төрөт үйүнөн суук кабар угузушту. Балам майып болуп төрөлүптүр. Ошол күндөн баштап менин жашоом тозокко айланды. Баягы кайненем жок сен майып бала туудуң, кетишиң керек дей баштады. Менин көзүмчө эле баласына башка кыздардын сүрөттөрүн көрсөтөт. Күйөөмдү да мага душман кылды. Ал да апасынын сөзүнө кирип сенден жакшы бала туулбайт экен деп ичип келип алып кемситчү болду. Кайненем сен кетишиң керек. Менин баламдын тагдырын талкалаба дейт. Мен баламдын жоодураган көздөрүн карап, балким жакшы болуп кетет деп үмүт артам. Эмне кылам? Кандай жашоо кечирем? Кетип калайын дейм. Мени майып балам менен ким батырат? Же ушундай кемсинтүүлөргө чыдап жашай берейинби? Балким мен жеңип чыгармын? Мага кеңеш бериңиздерчи!».

Аргумент.kg