Кайненем келиндерин экинчи турмушка чыкпасын деп кара дуба окутат экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуштан ажырашканыма он жылдын жүзү болду. Балдарым чоноюп калышты. Бирок экинчи жолу турмушка чыга албай келем. Жакшы адамдар менен тааныштырышат, кандайдыр бир себептерден улам тез эле эки башк жолго үшуп калабыз. Жолдошум болсо андан бери эки жолу үйлөндү. Мындан эки ай мурун менден кийин күйөөмө турмушка чыгып ажырашып кеткен аялына жолугум калдым. Ал деле кокусунан болду. Кесиптешимдин 50 жылдыгы болуп баргам. Биз менен чогуу отурган келин менен сүйлөшуп калып ал менин күйөөмө тийип чыкканын билдим. Ал болсо кайненем мени окутуп салыптыр экинчи күйөөгө тийбесин деп азыр дубаны чечтирип жатам деди. Ошондон кийин мен түшумдө кайненем дастарконго койгон тамактан кара курт чыга бергенин эстеп шек санай баштадым. Ишенбесем да бир көзү ачыкка барсам ал  бир аял окутуп койгонун ошондорн улам турмушка чыкпай жатканымды дуба өтүшуп кетип, башым сынып ооруй бере турганын айтты. Мечитке барып дем салдыр деп бир молдонун телефон номерин берди. Бирок дем салбырганга бара элекмин. Чын эле окутуп койдубу? Жашоодо кара дуба деген барбы? Ишенсем болобу?

Аргумент.kg