Коом

Кайнатамдын көзүнчө кайним чымын конду деп шапалак менен чаап…

Тамашөкөй кайнилер силерде да барбы же менин кайним өтө эле эркеби?  Турмушка чыканыма төрт ай болуп калды. Үйдүн кичүүсү болгон кайним он жашта. Аябай эрке. Анын айтканы аткарылбаса балээге калабыз. Айтор мен кайнимдин алдынан чыгып аны менен урушкум келбейт. Ал келе электе тамагын чайын столдун үстүнө коюп кайненемдин артына жашынып отуруп калам. Өткөндө күн аябай ысык болуп тапчанда чай ичип жатканбыз. Кайнатам жумуштан келип калып ага дасторкон жазып жаткам. Бир кезде кайним артыман келип “Жеңе ..чүгүнө чымын конуп калыптыр”-деп чымын өлтургөн шапалак менен бир чапты. Кайнатамдан уялдагынам кызарып үйгө кире качтым кайнатам болсо кайнимди уруп калды. Кайненем болсо эч нерсе болбой эркелеп коюптур деп койду. Эми кайнатама чай бере албай уялып жатам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *